Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Москва жүргүнчү поездинин каттамы калыбына келтирилет

Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 144 | 0

Быйыл 18-декабрдан тарта Бишкек – Москва жүргүнчү поездинин каттамы калыбына келтирилет. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынан кабарашты.

3-6-сентябрда темир жол мекемесинин адистери Орусиянын Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышты.

Анын жыйынтыгында Орусия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынып, 2024-жылдын 18-декабрынан тарта жумасына эки жолу каттай турган Бишкек – Москва поезд каттамын калыбына келтирүү белгиленди.

Бул поезд багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.

Мындан тышкары, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча 8 күндө бир жолу каттамын улантат.

Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM