Биз менен байланышыңыз

Сегиз айда 2,2 миллиондон ашык баш мал катталды

Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 101 | 0

2024–жылдын сегиз айында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын (ЖИКС) маалыматтык тутумунда 2 243,6 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,2 миң баш чочко, 504,8 миң баш жылкы катталган.

Анын ичинен 2024–жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 450,3 миң баш ири мүйүздүү мал, 5,5 миң баш чочко, 11,3 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, системага каттоого алынды.

Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасы жана 145 үй канаттуулар фермасы, 1442 аары багуучу чарбада 99,7 миң аары бал челектер, 423 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM