Биз менен байланышыңыз

Ошто УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Дагы бир шектүү кармалды

Кыска кабар | 9 Сен 2024 | 250 | 0

Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүү Ош облусунун Өзгөн районунун 2001-жылы туулган тургуну М.Н. 6-сентябрь күнү Бишкек шаарынын аймагындагы жаңы конуштардын биринде кармалды. Ал 2023-жылдын кыш мезгилинде Ош шаарында болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн акыркы катышуучу. Кармалган  жаран Ош ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эске салсак, былтыр 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар 1993-жылы туулган А.Н. аттуу жаранга 27 жолу бычак сайышкан. Ал окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен  кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле,  2023-жылдын 13-январында түнкү саат 02:25 убакытта Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар 1995-жылы туулган Н.М. аттуу жаранды (каймана аты “Коён”) башына жана буттарына арматуранын кесиндилери менен 32 жолу уруп кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин негизинде бул окуялар кылмыштуу топтордун таасир талашуудан келип чыккан кагылышуулары экенин такташкан. Учурунда аталган кылмыштарга шектүү катары кримтөбөл Кадырбек Досоновдун (Женго) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү — төрт адам кармалган.

Ал эми жогорудагы окуяга тиешеси бар 23 жаштагы М.Н. качып кетип, 2023-жылдын 18-январынан бери издөөдө жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM