Connect with us

Ысык-Көлдө беш мектеп убактылуу онлайн окутууга өттү

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 218 | 0

Ысык-Көл облусу боюнча беш мектеп жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

  • Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин;
  • Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин;
  • Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин;
  • Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби;
  • Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Мындан тышкары, төмөнкү мектертерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу окуучулар онлайн окутулат:

  • Бишкек шаарындагы №60 жалпы орто билим берүү мектеби;
  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары;
  • Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары;
  • Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби.

Ысык-Көлдө август айында катуу жаан жаап, сел жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM