Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербург: 6-кабаттан кулаган кыздын окуясына байланыштуу эки кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 149 | 0

Социалдык тармактарда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 6-кабаттан кыргызстандык кыз кулап кетти деген окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 3-сентябрда болжол менен саат 02:00дө полиция кызматы окуя болгон жерге келген. Жабыркаган кыз бир нече жаракат менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле окуяга тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын 23 жаштагы эки жараны кармалган. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылган.

Бул факты Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө жана консулдук Орусиянын тиешелүү органдары менен байланышта экени маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM