Биз менен байланышыңыз

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 162 | 0

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Ага тиешелүү мамлекеттик органдар жана диний эксперттер катышты.

«Мыйзам долбоорунун милдети мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жолун улантуу жана ырааттуулугун камсыз кылуу болуп саналат»,-деп айтылды жыйынында.

Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган. Ошондой эле диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.

Диний эксперт Кадыр Маликов аталган мыйзам долбоору дин кармангандарды чектебей тургандыгын жана динге каршы эмес, тескерисинче, исламды коргоого багытталганын айтты.

«Тилекке каршы, мыйзамды динге, исламга каршы көрсөтүүгө аракет кылгандар дагы болууда. Мисалы, мыйзам долбоору сунушталганда «хиджабга тыюу салынат» деген жалган маалымат тарады. Мыйзам долбоорунда никаб боюнча болуп жатат жана ал боюнча дин аалымдарынын так аныктамалары, көрсөтмөлөрү дагы бар», — деди Маликов.

Мындан сырткары жыйында дин жайылткандарга атайын күбөлүк берилип, көзөмөлгө алынаарын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын укуктук камсыздоо жана эсептик каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Курбаналиев айтты. Ал айрым учурда белгилүү адамдар коомчулукка чыгып, динди туура эмес жайылытып жаткан учурлар да бар экендигин кошумчалады.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия азыр иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын, ал азыркы талаптарга жооп бербей тургандыгын жана өлкөдө диний саясатты жүргүзүүдө тоскоолдуктарды жаратканы тууралуу маалымат берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM