Биз менен байланышыңыз

Окуучуларды массалык иш-чараларга катыштыруунун тартиби аныкталды

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 147 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министрлиги «Окуучулардын катышуусунда маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу жөнүндө» буйрук чыгарды.

Ага ылайык, окуучуларды катышуусу менен өткөрүлө турган иш-чаралар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын макулдугу жана министрликтин уруксаты аркылуу өткөрүлөт.

Жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар министрликтин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен өткөрүлөт.

Массалык иш-чара өткөрүүдө ага катыша турган окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө, психикасына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган тобокелдиктер аныкталса, иш-чаранын маанилүүлүгүнө карабастан аны өткөрүүгө тыюу салынат.

Жалпы жоопкерчилик уюштуруучуларга жүктөлүп, уюштурууда тартипти жана талаптарды бузган адамдар тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

Быйыл 2-майда Сузак районунда манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Окуяны иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ жалпысынан 21 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылганын, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотулганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM