Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев соттолгон 522 кишиге ырайым кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 305 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, кылган иштерине чын ыкыластан өкүнүп, оңолуу жолуна  түшкөн бир топ адамга ырайым кылуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Документ өлкө эгемендигинин 33 жылдыгына карата кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, жалпысынан 522 адам мунапыска илинип, анын ичинен 159 адам негизги жазасын өтөөдөн, 303 адам шарттуу түрдө жаза өтөөдөн бошотулуп, 60 адамдын жазасы жеңилдетилген жазага алмаштырылган.

Ырайым алгандардын 19у чет мамлекеттин жарандары, 56сы аялдар, 25и 60 жаштан ашкан эркектер, 233ү жаштар (анын ичинде бир өспүрүм бар). Ошондой эле тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн соттолгон 27 адам да Мирзиёевдин кечиримине ээ болду.

Жарлыкта жооптуу министрликтерге жана ведомстволорго ырайым кылынгандарды үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайтаруу, социалдык адаптациялоого көмөк көрсөтүү, эмгекке тартуу, сергек жашоо образын тандоого, коомдо татыктуу ордун табууга көмөктөшүү тапшырмалары берилди.

Ушул жылдын апрель айында – Рамазан айынын алдында президент Мирзиёев 426 адамга ырайым кылган. Өткөн жылы Эгемендүүлүк майрамынын алдында 286, апрель айында 541 адам мунапыс менен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM