Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 31-августта майрамдык иш-чарада 500дөй бала жоголуп, ата-энесине кайтарылды

Кыска кабар | 1 Сен 2024 | 106 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 31-августта Бишкекте Эгемендик майрамынын негизги иш-чарасында 502 бала элдин арасында адашып жоголуп, милиция кызматкерлери аларды кайра ата-энелери менен жакындарына кайтарып бергенин билдирди.

Кечээ, 31-августа Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өлкө Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жанан Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата майрамдык концерт уюштурулган. Анда негизги тарыхый окуялар сахналаштырылып, ар кандай оюн-зооктор көрүүчөргө көрсөтүлдү.

1990-жылы октябрь айында Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттин аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда республиканын Эгемендик тууралуу декларациясын кабыл алган. 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк күнү жарыяланган.

Иш-чарада коомдук тартипти Ички иштер министрлигинин беш миңден ашык кызматкери көзөмөлдөдү. Майрамдык иш-чараны көрүүгө 80 миңден ашуун жаран келгени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM