Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы Салиева атындагы адистештирилген лицейдин директору кармалды

Кыска кабар | 30 Авг 2024 | 126 | 0

УКМК тарабынан Ош шаарынын орто билим берүү мекемелеринде системалуу түрдө акча чогултуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Ош шаарындагы У. Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору У.Ж.И. кармалды. Ал аталган окуу жайга студентти кабыл алуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган.

Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө , 29-августта өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен аталган лицейинин директору У.Ж.И. кармалып, УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК өлкөнүн мектепке чейинки, мектептик, ошондой эле жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн болушуна жол берилбестигин эскертет жана КР жарандарын аталган чөйрөдөгү бардык коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM