Биз менен байланышыңыз

Кантта сууга чөгүп кеткен 3 жашар баланын сөөгү табылды

Кыска кабар | 27 Авг 2024 | 220 | 0

Чоң Чүй каналынын аймагынан изделип жаткан 3 жашар наристенин сөөгү 27-августта 11:00 чамасында табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 27-августта, милицияга Кант шаарынын Панфилов көчөсүндөгү суу бөлүштүрүүчү жерде белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине барганда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар наристе экени аныкталган.

19-августта Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө 3 жаштагы наристе белгисиз болуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлерли, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар жана ыктыярчылар Чоң Чүй каналынын аймагынан наристени издөөгө тартылган.

Эске салсак наристенин ата-энеси баланын сөөгүн таба албай жатканын айтышып, сууну убактылуу токтотуп тууруну президенттен суранып кайрылышкан.

Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Расмий маалыматка караганда, быйыл 46 киши сууга чөгүп каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM