Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Дүйнөлүк банк жер титирөөгө туруштук берген мектептерди курууда

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылаган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында 2024-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Садда айылындагы №103 Садда мектебинин жана Базар-Коргон шаарындагы №65 Б.Абдрашев мектебинин жаңы имараттарынын курулушу башталды.

Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө туруштук берет, электр энергиясын сарптайт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт жана санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.

Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.

Мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин  Кыргызстандын өкмөтү жана Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан.Тандоонун негизги талаптарынын ичинен участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.

Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.  

Сузак районундагы № 103 Садда мектеби тууралуу маалымат:

Мектептин эски имараты 1973-жылы «ашар» ыкмасы менен чоподон курулуп, бала бакчага ылайыкталган. 2006-жылы 1-класстан 4-класска чейинки балдар окуган башталгыч мектеп катары өзгөртүлгөн. 2010-жылы мектепте 5-класстан 9-класска чейин балдар окуй башташкан. Бул мектеп 100 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алууда. Мектепте лабораториялар, спорт залы, жыйындар залы, административдик бөлмөлөр жана санитардык жайлар каралган эмес.

Жаңы мектептин аянты 1696,6 чарчы метрди түзөт, 150 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу имарат курулат. Анда 8 даараткана жана   спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке ички дааратканалар курулат жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Имараттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат. Желдетүү системасы орнотулат.

Курулуш аянтында бүгүнкү күнгө чейин кандай жумуштар аткарылган?

Курулуш компаниянын тарабынан курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулду, атайын техникалар тартылды. Учурда котлованга байланыштуу иштери аяктаган, бекем жана туруктуу фундамент куруу үчүн арматураны байлоо иштери аткарылды. Фундаментти куюу иштери аяктоо стадиясында.Фундаментти куюу иштери башталды. Курулуш иштери коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүүдө.  

№ 65-Б.Абдрашев атындагы мектеп тууралуу маалымат:

Мектептин азыркы имараты 1978-жылы пахта сактоочу кампа катары курулган. 1996-жылы мектеп толук эмес орто мектепке, ал эми 2006-жылы толук орто мектепке айланган.

Мектепте жети чакан класс, бир ашкана жана бир жетекчилик бөлмөсү бар. Мектепте лабораториялар, спорт залы, жыйындар залы жана айрым административдик жайлар жок. Бул мектеп 240 окуучуга ылайыкталган, учурда 400дөн ашуу окуучу билим алат.

Жаңы имараттын жалпы аянты 1699,5 чарчы метрдитүзөт, 150 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Мектепте 8 ички даараткана, кол жуугучтар, пандус, лифт жана желдетүү системасы орнотулат. Желдетүү системасы орнотулат. Ошондой эле спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган.

Жаңы мектепке ички дааратканалар курулат жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат.

Курулуш аянтында бүгүнкү күнгө чейин кандай жумуштар аткарылган?

Курулуш компаниянын тарабынан курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулду, атайын техникалар тартылды. Учурда котлованга байланыштуу иштери аяктаган. Курулуш иштери коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM