Биз менен байланышыңыз

«Керемет Банк» Орусия аркылуу акча которууларды токтотту

Кыска кабар | 21 Авг 2024 | 285 | 0

«Керемет Банк» аркылуу Орусиядан акча которуу токтотулду. Бул тууралуу аталган банк расмий сайтына жарыялады.

Анда «Керемет Банк» орусиянын  — «Сбербанк» КАК, «МТС Банк» КАК, «Тбанк» АК (Тинькофф) жана Орусия Федерациясынын улуттук төлөм системасынын оператору «ТСУС» АК эки багытта тең мобилдик тиркемелер аркылуу акча которуулар белгисиз мөөнөткө токтотулгандыгы жазылган.

Ошол эле учурда «Керемет Банк» банк кардарларын Золотая корона, Астрасенд, Western Union, Юнистрим, Ria эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча которууну сунуштайт.

16-августтан тарата Мбанк да мобилдик тиркеме аркылуу Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС серверлерине эки тараптуу акча которууну белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM