Биз менен байланышыңыз

УКМК: 470 млн сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды

Кыска кабар | 20 Авг 2024 | 128 | 0

Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКга тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттери боюнча маалыматка жетүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, жеке баюу максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 31,5 га өлчөмүндөгү «Аэродром» жер участогунун учуу-конуу тилкесин жана химикаттарды сактоочу кампасын, ошондой эле «Буудай» ААКга таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз алып чыгышкан.

Мындан улам, 2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында болжолдуу баасы 470 млн сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бир канча объектилерди мамлекеттин балансына кайтарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM