Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү

Кыска кабар | 19 Авг 2024 | 237 | 0

Каттуу жааган жаандан улам 18-август күнү  кечинде Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана «Ысык-Көл Аврора” пансионатын сел каптаган.

Ал эми Темировка айылында 100дөн ашуун үйдүн коросун суу каптаган. Мындан сырткары Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында да сел жүргөн.
Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жумуш жүрүп, куткаруучулар иштеп жатат.
«Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Жарандык коргонуу кызматынын башчысы Уланбек Далиев жетектеп ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев жана Жарандык коргонуунун жетекчилиги Ысык-Көл районундагы абал менен таанышып  жыйын өткөрдү.

Анда селден жабыркаган аймактарда кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам аракеттерди көрүү жана кечиктирилгис иш-чараларын уюштуруу маселелери каралды»-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин да өлкөнүн бир катар айылдарында каттуу жааган жаандан улам сел жүрүп, адам өмүрүн алган учурлар да катталган. Ошондой эле социалдык объектилерди, турак жайлардын кооролорун сууп каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM