Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 19-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 18 Авг 2024 | 272 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +12… + 17, күндүз +25 … + 30,

Талас облусу түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 22 … +27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15… + 20, күндүз + 27… + 32,

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +9… + 14, күндүз +20… + 25,

Нарын облусу түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 22 … +27.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM