Биз менен байланышыңыз

17-августтун аба ырайы

Кыска кабар | 16 Авг 2024 | 227 | 0

Эртең, 17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнү 16…21, күндүз 30…35,

Талас өрөөнүндө түнү 11…16, күндүз 25…30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнү 19…24, күндүз 32…37,

Ысык-Көл аймагында түнү 12…17, күндүз 25…30,

Нарын облусунда  түнү 10…15, күндүз 26…31 градус ысык болот.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 12 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM