Биз менен байланышыңыз

Министрлик: мектеп формасы классикалык стилде болушу керек

Кыска кабар | 16 Авг 2024 | 345 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болушу керектигин билдирди.

Бул тууралуу билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар коюлган.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, окуулар өткөрүлгөн жерге жана класстардагы температуралык шарттарга ылайыктуу болушу керек.

Балдар үчүн мектеп формасы төмөнкү комплектерден турат: көйнөк, жилет, шым жана каалаган комбинациядагы пиджак. Пиджак, жилет жана шым классикалык стилде бир түстөгү кездемеден тигилген (кара, боз, көк жана кызгылт).

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкү комплектерден турат: ак кофта, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, классикалык стилде тигилген каалаган комбинациядагы пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстөгү же шахмат кездемеден тигилген болушу керек (кара, боз, көк жана кызгылт).

Окуучулардын мектеп формасы жалпы билим берүүчү уюмдун же класстын айырмалоочу белгилерине ээ болушу мүмкүн: эмблемалар, төш белгилер жана башка.

Социалдык жактан аялуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы сатып алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну «үстү ак жана асты кара» форма менен камсыз кылууга уруксат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM