Биз менен байланышыңыз

УКМК смартфондорду каттоодон өткөрүү боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 15 Авг 2024 | 282 | 0

УКМК билдиргендей, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы No 287 токтомуна ылайык, контрафакттык телефондорду колдонуудан коргоо максатында Кыргызстандын аймагында мобилдик аппаратты идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилди.

Токтомго ылайык, уюлдук телефонду каттоо үчүн 600 сомдук төлөм смартфондорду импорттоочу ишкерлер тарабынан төлөнөт. Ал эми жеке жактар же жарандар Кыргызстандын аймагына бир жыл ичинде 2 гана уюлдук аппаратты жеке пайдалануу үчүн акысыз алып кире алат.

Ошондой эле, Кыргызстандын чегинен тышкары аймакта аппараттарды сатып алган адамдар (мисалы, телефон сиз менен чет өлкөдөн алынып келинсе же Кыргыз Республикасынан тышкары эл аралык базарларда онлайн заказ кылынса), “www.imei.kg” сайтында катталышы керек.

Кыргызстандын аймагында аппараттарды сатып алган адамдар, аппаратты өз алдынча каттоонун кереги жок. Мобилдик түзмөктөрдү сатып алардан мурун, телефонуңуздагы *5656# буйрутмасын терүү, «www.imei.kg» веб-сайты же Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун тиркемеси аркылуу аппараттын катталгандыгын текшерүү зарыл.

Белгилеп кетүүчү жагдай, МИС системасы ишке киргенге чейин (2024-жылдын 25-июнуна чейин) колдонулган Кыргызстандын жарандарынын бардык мобилдик түзүлүштөрү автоматтык түрдө тизмеге киргизилген, б.а. байланыш операторлорунун тармагынан ажыратылбйт.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 421 токтомуна ылайык, 2024-жылдын 25-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагына тастыктоочу документтерсиз алынып келинген бардык катталбаган мобилдик түзүлүштөр, 2024-жылдын 16-августунан тартып өчүрүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM