Биз менен байланышыңыз

УКМК казак ишкери, «Симирам» эс алуу борборунун ээсине издөө жарыялады

Кыска кабар | 12 Авг 2024 | 244 | 0

Маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкери, «Симирам» эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таиров изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК тергөө иштеринин алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Асанбектин «Мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун ишин казак ишкери  Ясынжан Таиров тарабынан каржылоо фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, Таиров Камчы Асанбектин мыйзамсыз аракеттеринен, тагыраагы рэкет, опузалап акча каражаттарын системалуу түрдө алуу, кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден жыйым алуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугу жөнүндө билип туруп, колдоо алуу максатында КР аймагында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн аны менен байланыш түзгөн.

Мындан тышкары, казак ишкери «Мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин кылмыш ишин каржылоо максатында ага 200 миң АКШ доллары суммасындагы акча каражатын бергени аныкталган. Ошондой эле, «Симирам» эс алуу борборунун ээси уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө алардын эс алуусун уюштуруу үчүн коттедждерди жана номерлерди туруктуу негизде берип турган. Той-мааракелерде да карым-катнаш түзүп, баалуу белектерди берип жүргөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Ясынжан Таировго карата сыртынан камакка алуу боюнча сот чечими чыккан жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланган.

________

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM