Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №10 троллейбустун ордуна автобус каттамы иштей баштады

Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 157 | 0

Бишкек шаарында №10 автобус каттамы ачылды. Мэрия жаңы автобус каттамы ушул эле номердеги троллейбус каттамынын маршруту боюнча жүрөрүн билдирди.

8-августтан тарта жаңы автобустар мурда троллейбустар тейлеген багыт боюнча жүрө баштады.

№10 автобус багыты Интергельпо көчөсүнөн Асанбайдын акыркы диспетчердик пунктуна чейин барат.

Быйыл мэрия коомдук транспорттон троллейбустарды толук аларын билдирген. Анын ордуна электробустар жүрөрү убадаланган.

Борбор калаада мындан тышкары, №215, 243 жаңы автобус каттамы ишке кирди.

№215 автобус Ак-Ордо конушунан Беш-Күнгөй айылына чейин барат. Каттамга 25 автобус чыгып, алардын аралыгы 8 мүнөттү түзөт.

№243 автобус Жеңиш конушунан Асанбай кичи районуна чейин каттайт. Анда 30 бирдик автобус иштеп, аралыгы 7 мүнөттү түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM