Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кадамжайдагы алтын кенинен руданы мыйзамсыз чыгаргандар кармалды

Кыска кабар | 7 Авг 2024 | 166 | 0

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) каралган кылмыштын негизинде, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын  “Ничкесу” кенинен алтын рудасын мыйзамсыз алып чыгууга тиешеси бар адамдар аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Тактап айтканда, жеке жарандар үстүбүздөгү жылдын апрелинен июль айынын аягына чейин өлкөнүн өзгөчө менчиги болуп саналган жер казынасына кол салып, уруксат берүүчү лицензиясы жок туруп, кол өнөрчүлүк ыкмасы менен иштетүү максатында алтын кендерин өзгөчө ири өлчөмдө жашыруун тартып алышкандыгы такталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан тереңдиги 2 метрден 5 метрге чейин, туурасы 3 метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы аныкталган.

2024-жылдын 29-июлунда Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде төрт жаран кармалып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан аталган кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM