Биз менен байланышыңыз

Бишкекте синтетикалык маңзатын сатууга шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 6 Авг 2024 | 194 | 0

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Кара куурай» операциясы учурунда Бишкекте синтетикалык баңгизатты таратуу менен алектенип жүргөн 2002-жылы туулган Б.Л. аттуу жаранды кармашты.

ИИМдин маалыматына караганда, курьер «Телеграм» каналы аркылуу куратор делген адамдан буйрутма алып, аларды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында «кыстармаларда» таратуу менен алектенген.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө синтетикалык маңзаттын мурунку кыстармаларынын жайгашкан 10 жай аныкталган. Кыстармаларда жашыл, көк, сары түстөгү пакеттерге оролгон кристалл түрүндөгү Альфа-PVPге окшош өзгөчө жыты бар зат жана экстази болгон.

Алынган психотроптук заттардын жалпы салмагы 1 кг 240 граммды түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда “Tелеграм” мессенжери аркылуу жаштарды ишке тартып,  мыйзамсыз иш менен камсыз кылып жаткан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM