Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси дайындалды

Кыска кабар | 6 Авг 2024 | 176 | 0

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкта «Бөкөнтаев Кубанычбек Кеңешович Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды», — деп айтылат.

Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасы болгон. Ал ээлеген кызматынан ушул жылдын 24-июнунда бошотулган.

Парламент 2021-жылы сентябрда Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалышын колдогон.

Бөкөнтаевдин талапкерлигин президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Ага чейин Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM