Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы облустук прокурорлор алмашты

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 513 | 0

Прокуратура органдарында бир катар кадрдык дайындоолор болду.

Башкы прокуратуранын 5-августтагы маалыматына караганда, Чүй облусунун прокурору болуп Азизбек Шукурбеков дайындалды. Ысык-Көл облустук прокуратурасынынын жетекчилигине Эмирбек Каримов барды, Баткен облустук прокурору болуп Абай Молдокматов, Нарын облустук прокурору Абдирашит Кубатидинов, Талас облустук прокурору болуп Мирбек Расулов дайындалды.

Ал эми Эмилбек Уркунбаев Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору кызмат ордуна дайындалды.

Башкы прокурор Максат Асаналиев жаңы дайындалган жетекчилерге мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруу талабын койду. Аталган жетекчилер эмгек жамааттарына тааныштырылып, өз милдеттерин аткарууга киришишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM