Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында 12,1 млрд куб метр суу бар

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 427 | 0

Бүгүн, 5-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 21 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтында маалымдалды.

Учурда суунун агып келиши секундасына 825 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 434 куб метрди түзүүдө.

Июль айынын башында ГЭСте 11 млрд 58 млн куб метр суу бар болчу. Ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,5 млрд куб метрди түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM