Биз менен байланышыңыз

GoBus кичи автобустары Бишкек-Нарынга каттай баштайт

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 316 | 0

8-августтан тарта GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарын каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

GoBus Бишкектен Ибраимов/М.Фрунзе көчөсүндө саат 08:00дө чыгат. Ал эми Нарын шаарынын борбордук аянтынан саат 10:00дө чыгат. Жолдун убактысы 4,5 саатты түзөт. Билет баасы 500 сом.

Учурда GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же «Манас» аэропортуна билет сатып алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM