Биз менен байланышыңыз

Казакстандын элинен Кыргызстанга гумжардам келди

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 186 | 0

Бүгүн, 19-июлда Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. 

BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN кайрымдуулук фондунан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган элге жардам Алматы шаарынан келди. 

Негизинен жардамдар кайрымдуулук фондуна казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.

Июлдун башында Ош облусунун Ноокат районунда, Баткен облусунун бир катар райондорунда, 14-июлда Ош шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, адам өмүрү кыйылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM