Биз менен байланышыңыз

Ата-эне: Бакчада балдардын тамагын толук каржылоого каршымын

Коом | 20 Июн 2024 | 696 | 0

Президент Садыр Жапаров «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарды. Ага ылайык, бала бакчаларда балдардын тамагын толугу менен ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлү төлөйт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр балдар бакчаларындагы тамак үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 млн сом бөлүнгөн. Эми мамлекет балдардын тамагына акча төлөбөйт. Үнөмдөлгөн акчага жаңы бала бакчалар курулат.

«Билим берүү жөнүндө» былтыр августта кабыл алынган мыйзамда «Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы тамактануу мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата-энелер тарабынан каржыланат» деп жазылган. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаттары каршы болуп, «балдардын тамагын жергиликтүү бийлик менен ата-энелер тең бөлүп төлөйт» деп өзгөртүү киргизген. Буга ата-энелер да каршы пикирин айтышууда.

Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Асия Өмүрбекованын уулу шаардагы мамлекеттик бала бакчалардын бирине барат. Ал учурда бала бакчага ай сайын үч миң сомго чукул каражат төлөйт.

Анын пикиринде, мамлекеттик бала бакча болгондон кийин жеңилдиктер каралып, тамак менен мамлекет камсыздаса туура болмок.

 «Азыр бала бакчадагы балдардын тамагын ата-энелер толугу менен өздөрү төлөйт деген чечим чыгып жатат. Мен буга каршымын, бир гана мен эмес башкалар да каршы болсо керек. Учурда бир балабыз бар, ал мамлекеттик бала бакчага барат. Ага ай сайын үч миң сомдон төлөп турабыз. Бул сумма биз үчүн жакшы эле. Эгер тамагын биз төлөй турган болсок, мындан да көтөрүлөт. Эки, үч баласы бакчага барган ата-энелер кандай кылат? Жеке менчик бала бакчадан айырмасы калбай калат го. Ата-энелер ансыз деле ремонт иштерине акча чогултабыз. Жыл сайын жыл башында керектүү каражаттарын алып беребиз, ал да он миң сомдун тегерегинде болуп калат. Ошондуктан биз каршыбыз».

Парламенттин 19-июндагы жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун каршы пикир менен кайтарганын айткан. Ага ылайык, бала бакчаларда балдардын тамагын толугу менен ата-энелер же баланын мыйзамдуу өкүлү төлөйт. 

Министрдин орун басары балдардын тамагынан үнөмдөлгөн акча бала бакча курууга жумшаларын белгиледи.

«Билим берүү жөнүндө» былтыр августта кабыл алынган мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүндө «Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы тамактануу мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата-энелер тарабынан каржыланат» деп жазылып турат. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаттары каршы болуп, «балдардын тамагын жергиликтүү бийлик менен ата-энелер тең бөлүп төлөйт» деп өзгөртүү киргизген. Президент буга каршы болуп, мыйзам долбоорун артка кайтарды. Эми бала бакчадагы балдардын тамагына акча бөлүнбөйт».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, билим берүү маселелери боюнча адис Абдывахап Нурбаев бала бакчада ата-эненин да салымы болушу керектигин, бирок мамлекет төлөп берсе, дагы жакшы болмок деген пикирде.

«Негизи мамлекет төлөп берсе жакшы болмок, жок дегенде, жарымын ата-энелер төлөсө, калганын мамлекет же жергиликтүү бийлик каржыласа ата-энелерге да жеңил болмок. Буга чейин өзүн-өзү башкаруу органдары төлөп эле келбеди беле. Эгер чынында эле 800 миллионго көптөгөн бала бакча курулуп калса, пайдалуу болот. Анткени бүгүнкү күндө бала бакчага барган балдар 25% эле пайыздын тегерегинде, калган 75% бала бакчага бара турган курактагы балдар бара албай калышууда. Эгер бала бакчалардын саны көбөйүп, бакчага барган балдардын саны өсүп калса, жакшы болот».

Ал эми билим берүү маселелери боюнча адис Саадат Сатарова мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамактарын мамлекет каржылашы керектигин белгиледи. Ал ата-энелер балдарынын келечекте дени сак болушу үчүн бул сунушту түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

 «Бүгүнкү күндө өлкөнүн билим берүү тармагына жакшы эле көңүл бурулуп келе жатат. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып келген. Бирок каржылоо толук кандуу жетишпей жатканы баарына белгилүү. Балдарга убагында ысык тамак берүү үчүн аларга жетиштүү витамин берүү үчүн каражат керек. Эгер мамлекет тарабынан берилген каражат жетишпесе, ата-энелер да баласы үчүн колдоо көрсөтүп койсо болот».

2023-жылы күзүндө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда ата-энелердин эсебинен тамактануу уюштуруларын билдирген. Министрлик буга ошол жылы 11-августта «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.

Мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда «мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат» деп жазылган.

Бул маалымат коомчулукта нааразылык жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңеш «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга «бала бакчалардын тамак-ашына акча мамлекеттик казынадан бөлүнөт» деп өзгөртүү киргизип, мыйзам долбоорун 11-апрелде үч окуудан кабыл алган.

Былтыр ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бала бакчалардагы балдарды мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу керектигин, балдардын тамагын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү төлөөгө тийиштигин айткан.

Расмий маалыматтарда Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

Copyright © 2017 Maral FM