Биз менен байланышыңыз

Новопавловкадагы цехте 30 чет өлкөлүк эмгек кулчулугунда кармалганы аныкталды

Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 494 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-июнга караган түнү Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан цехтердин биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Түштүк Азиядан келген 30 чет өлкөлүк жаран иштеп жатканын аныктады.

Ал жарандарды Ж.А. аттуу жаран алдамчылык жол менен ишке тартып, убада кылынган эмгек акысын берген эмес.

Ошондой эле, ал жергиликтүү милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун алып койгону, өлкөдө мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн түрмөгө камайм деп коркутуп турганы аныкталды.

Чет элдик жарандар эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенгени айтылды. Аларды талапка жооп бербеген шарттарда иштеткен.

Мындан улам, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, аталган Ж.А. аттуу жаран жана райондук милиция кызматкери А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

УКМК мындай иш-аракеттер Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM