Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Балыкчы поезд каттамында жаңы VIP-вагон ишке киргизилди

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 331 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамына жаңы VIP-вагон жана вагон-генераторду ишке киргизди.

Жаңы вагон саякатты ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталды. ВИП вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган.

Жүктөрдү отургучтардын астындагы орундукка сактаса болот. Панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер коюлду. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылды.

600 кВт кубаттуулукка эсептелген 40 вагонго чейин электр энергиясы менен камсыздай алат (бир вагондун орточо керектөөсү болжол менен 10-15 кВт). Вагондо ар бири 300 кВт болгон эки даана генератор орнотулган. Эгер бири иштебей калса, экинчи генератор автоматтык түрдө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM