Биз менен байланышыңыз

«Аталар күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоору ЖК комитетинде жактырылды

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 290 | 0
Демилгечи депутаттардын бири Медербек Алиев.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 10-июндагы жыйынында «Аталар күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Кубанычбек Самаков, Медербек Алиев демилгелеген.

Депутат Медербек Алиевдин айтуусунда, мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын тааныйт, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого, үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

«Мыйзам долбоору үй-бүлөдө жана коомдо аталардын ролун таануунун жана колдоонун, ата менен балдардын ортосундагы эмоциялык байланышты өнүктүрүүнүн, урматтоо жана сыйлоо салттарын калыптандыруунун, ошондой эле балдарды тарбиялоого аталардын жигердүү катышуусун колдоонун маанилүү максаттарына кызмат кылат», — деди депутат.

Медербек Алиев Кыргызстанда 15-мартты «Аталар күнү» деп жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштаган, ал коомдук талкууга быйыл мартта чыккан.

Бүгүнкү күндө «Аталар күнү» 30дан ашык өлкөдө белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM