Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 7 Июн 2024 | 821 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет маалымдагандай, 8-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Чүй, Талас, Жалал-Абад  облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус ысык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM