Биз менен байланышыңыз

Ысыктын ден соолукка зыяны жана сактануу жолдору

Блог | 12 Июн 2024 | 458 | 0

Жогорку температура адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн

Дем алуу жана тамырдын кагышынын жогорулашы байкалып, адам кычкылтектин жетишсиздигин сезе баштайт. Ысыкта адам көп тердегенде денеде суу жана туздун балансы бузулат. Катуу ысыктан улам мээге кан аз барып, мээнин кан айлануусунун бузулушуна да алып келет.

Андан тышкары, стресстик абалды жана уйкусуздукту козгоп адамдын ден соолугуна да таасирин тийгизет.

Ысык ден-соолукка өзгөчө кооптуу

Гипертониялык криз, инсульт, инфаркт – жүрөк-кан тамыр системасына ысыкта кошумча күч келтирет. Жогоку температура кан басымынын көтөрүлүшүн, жүрөктүн кагышын, абанын жетишсиздигин, көкүрөктү кысууну жана стенокардия оорусун козгоп, бул оорулар көкүрөктүн катуу оорушу менен коштолот. Жүрөк-кан тамырдын кысылуусу ысыкта гана эмес, температура кескин төмөндөгөндө да пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан жайдын аптабында муздак сууга чумкууну сүйгөндөр этият болушу шарт. Өнөкөт оорусу бар адамдар инфарктка кабылышы мүмкүн. Сууга секирердин алдында көлөкөдө отуруп, акырындап сууга түшүңүз.

Ысык аба ырайыда ден соолукка кам көрүү

Биринчи кезекте дарыгер жазып берген кан басымды жана жүрөктүн кагышын нормалдаштыруучу дарыларды ичүүнү унутпаңыз. Бирок өз алдынча дарыларды ичүүгө аракет кылбаңыз. Бул ден-соолугуңузга олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн. Табигый кездемеден жасалган жеңил, бош кийимдерди кийиңиз.

Андан тышкары, күндүн табы саат 12:00дөн 16:00гө чейин эң жогорку деңгээлде болот. Бул аралыкта көлөкө же салкын жерде болууга аракет кылыңыз. Жетиштүү суу ичип, орточо кыймыл-аракеттеги көнүгүү жасаңыз. Өзгөчө талаа жумуштарында иштегендерге тиешелүү болуп саналат. Канча көп түшүм алсаңыз да ден-соолукка арзыбайт.

Дем алуу органдарынын көйгөйлөрү

Өзүн жаман сезүү дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркагандарда байкалышы мүмкүн: бронхиалдык астма, пневмония, обструктивдүү бронхит. Адам ысыкта дем алуусу начарлап кычкылтектин жетишсиздигин сезиши мүмкүн. Ошондой эле жай мезгилинде ангина, суук тийген учурлар көп кездешет. Себеби муздак суусундуктарды, балмуздакты көп жейбиз жана кондиционерлерди ашыкча колдонобуз.

Жай мезгилинде дем алуу органдарынын көйгөйлөрүнөн кантип сактануу керек?

Муздак сууну тез ичип албаңыз. Чаңкооңузду кандыруу үчүн аз ууртам менен ичиңиз. Иштеп жаткан кондиционердин астында көпкө отурбаңыз жана ар тараптан уруп турган желден алыс болуңуз.

Гипертермия же ысык өтүү, күн тийүү ден соолук үчүн бирдей кооптуу. Өз убагында жардам көрсөтүлбөсө инсульт, кома жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Күн тийүү — баштын корголбогон бетине күн нурунун таасири. Мээдеги кан токтоп, тердөө бузулуп, тамырлар кеңейе баштайт.

Ысык өтүү — бүтүндөй организмдин ысып кетиши. Күндүн астында калың синтетикалык кийимдерди кийип, ысыкта же ысык бөлмөдө узак убакыт бою иштөө түрткү болушу мүмкүн.

Гипертермиянын белгилери (организмдин ысып кетиши):

  • Күтүлбөгөн жерден баш оору, баш айлануу. Мисалы, капыстан бутка туруп жатканда.
  • Булчуңдардын алсыздыгы, чарчоо.
  • Кусуу
  • Тез-тез жүрөктүн кагышы жана дем алуу
  • Булчуңдардын түйүлүүсү
  • Көздүн булуттанышы, эсин жоготуу. Тердөө болбогондо дене температурасынын жогорулашы.

Ысык өткөндө жана күн урганда биринчи жардам

Адамга биринчи жардам канчалык тез көрсөтүлсө, ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөрдөн ошончолук алыс болот. Жабырлануучуну көлөкөгө жылдырып, кысуучу кийимден бошотуңуз, курду чечип, желдеткичти күйгүзүңүз же колдо болгон каражаттарды шамалдатуу үчүн колдонуңуз (журнал, китеп, гезит). Денени тезирээк муздатууга аракет кылыңыз. Денедеги суюктукту калыбына келтирүү керек. Оорулууга суу, лимон кошулган таттуу чай же атайын туздуу эритмелерди (мисалы, регидрон, оралит) берсеңиз болот.

Жабырлануучунун абалы коркунучтуу көрүнбөсө дагы, ал адамды ооруканага жеткирүүгө же тез жардам кызматына кайрылуу керек.

Күнгө күйүү

Күнгө ашыкча күйүүнүн зыяны тууралуу көп айтылат. Күн нурунун ашыкча таасири тери рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатып, аны эрте картаюуга алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда иммунитетти начарлатып, бир катар ооруларды, анын ичинде герпести козгойт.

Күнгө күйгөндө биринчи жардам

Эгерде сизди теринин кызаруусу жана күйүшү гана тынчсыздандырып жатса, терини муздатып, нымдап туруу керек. Күйгөн жерге нымдуу чүпүрөктү сүйкөп, 20-30 мүнөт кармаңыз. Нымдуулук үчүн атайын кремди колдонсоңуз болот. Ал өтө майлуу болбошу керек. Күндөн жабыркаган терини эч качан самын жана башка гигиеналык каражаттар менен жууп салууга болбойт. Алар кургап, теринин күйгөн жеринин абалын начарлатышы мүмкүн.

Көпчүлүгүбүз үчүн жай – жылдын сүйүктүү мезгили. Ден-соолукка пайдалуу нерселерди кылып, зыяндуу нерселерден алыс болуп, эс алууну кызыктуу жана пайдалуу өткөрүү үчүн төмөндөгү айтылгандарга көңүл буруңуз:

  • Күн так төбөдөн тийген убакытта сыртка чыгууда этият болуңуз. Эң ысык сааттарда саат 12:00дөн 16:00гө чейин убактыңызды көлөкөдө өткөрүңүз.
  • Сууга чаңкап калбоо үчүн суюктукту жетиштүү өлчөмдө колдонуңуз. Газы жок жөнөкөй сууну же калий, кальций жана минералдык сууну ичиңиз. Бул учурда, таттуу суу же лимонаддан алыс болуу жакшы. Алар ысыкта организмди стресске алып келип, бөйрөк менен боордун ишин татаалдаштырышы мүмкүн.
  • Диетаны караңыз. Туздуу жана майлуу тамактарды жегенден баш тартып турганыңыз жакшы. Жемиштерди, жашылчаларды, майсыз этти же балыкты (аз санда) жегенге аракеттениңиз.
  • Күн астында алкоголдук ичимдиктерди жана кофени колдонбоңуз. Анткени алар организмдеги сууну көп коротот.
  • Күн тийгенде баш кийим кийиңиз (калпак, кепка, панама). Алар башка ысык өтүүдөн коргоп турат.
  • Табигый кездемеден жасалган жеңил, ыңгайлуу кийимдерди кийиңиз. Анда организм ысып кетпей, дем алат. Ачык түстөгү кийимдерди тандаңыз, анткени алар жарыкты чагылдырат. Караңгы нерселер күндүн нурларын сиңирип, тезирээк ысып кетүүгө алып келиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM