Биз менен байланышыңыз

«Сары-Челектин» жолунда ээнбаштык кылган айдоочуга айып салынды

Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 207 | 0

«Сары-Челек» көлүнүн жолунда унаанын терезесинен чыгып, коопту абалда автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видеотасма тараган. Аны жарандар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине жөнөтүшкөн.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери автоунаанын айдоочусун таап, Укук бузуу кодексинин негизинде 15 миң сом айып салышкан, унаасын айып короо жайына киргизишкен.

Жарандар коомдо кылмыш жана кырсык, ошондой эле жол эреже бузуу фактыларына күбө болсо 102 номуруна же ЖКККББнын (0777) 102-102 WhatsApp  номуруна кабарлай алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM