Биз менен байланышыңыз

Төрт айда 17 бала сууга чөгүп каза болду

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 229 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Быйыл төрт айда 17 бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов парламенттин 30-майдагы отурумунда айтты.

Ал билим берүү, өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик, ата-энелер менен бирге профилактикалык иштер жүрүп жатканын билдирди.

Бүгүн парламентте Кыргызстанда окуучулардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтире турган факторлорду азайтуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралууда. Буга чейин төрт тармактык комитет караган.

Демилгечилердин бири депутат Аида Изатбек кызынын маалыматына караганда, жумушчу топ түзүлүп, Бишкек шаары, Чүй, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептеринде мониторинг жүргүзүлгөн. 1-11-класстын окуучуларына коопсуздугун билүүсү боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында окуучулардын 73,5 пайызы коопсуздук эрежелерин билбегени, 93 пайызы иштеп жаткан ишеним телефондору жөнүндө маалыматы жок экени аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM