Биз менен байланышыңыз

31-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 199 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 31-майга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус нөлдөн жогору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM