Connect with us

Кыргызстандан Малайзияга аба каттамдарын ачуу сунушталды

Кыска кабар | 15 Май 2024 | 252 | 0

Президент Садыр Жапаров 15-майда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту.

Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болуп, кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык кеңири потенциалга ээ экенин белгиледи. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык баштапкы баскычта турат.

Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдө айыл чарба, туризм, энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен, инфраструктура, маалымат технологиялары, халал-индустрия жана экономиканы өнүктүрүү жөнүндө сөз болду.

Кызматташуунун толук дарамети азыркы мезгилге чейин жакшы ачылбай келгендиктен кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандыруу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча да сөз болду.

Анвар Ибрагим Кыргызстан менен Малайзия соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра алышарын айтты.

Премьер-министр Анвар Ибрагимдин расмий сапары эртең, 16-майда да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM