Connect with us

Түрк компаниясы Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод курат

Кыска кабар | 13 Май 2024 | 382 | 0

Быйыл жайында Кыргызстандын аймагында түрк компаниясы тарабынан тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

13-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, Түркиянын Akplas компаниясынын (Akplas Plastik San. Ve Tic. A.S.) жетекчиси Хусеин Акин кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Akplas компаниясынын тамчылатып сугаруу боюнча 35 жылдык тажрыйбалары бар экени айтылды.

Тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушуна инвестициялык макулдашуудан кийин биринчи этапта 10 млн доллар инвестиция салынат. Курулуш иши сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө. Завод курууга 10 гектар жер тилкеси керектелет.

Министр Бакыт Төрөбаев өлкөнүн бардык райондорунда бул система ишке ашырыларын жана долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, ага улуттук долбоор макамы берилерин кошумчалады.

Akplas компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин мамлекет колдосо компания кыска убакыттын ичинде натыйжа көрсөтөрүн билдирди, ошондой эле компания алгачкы этапта дыйкандарды окутуу иштерин жүргүзүүнү өзүнө алат.

Copyright © 2017 Maral FM