Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 5 автобус айдоочусу каттамдан четтетилди

Кыска кабар | 11 мая 2024 | 593 | 0

Бишкекте коомдук транспорттун кан басымы жогору болгон 5 айдоочусу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүгө алды.

Текшерүү учурунда эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталып, автобекеттин жетекчисине 35 миң сом айып салынды.

Айдоочуларды каттамга чыгуунун алдында наркология бөлүмүнөн текшергенде 5 айдоочунун кан басымы жогору экендиги аныкталды. Алар коопсуздук үчүн убактылуу каттамга чыгуудан четтетилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM