11-апрелде Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Турнирдин биринчи күнүндө эркектер арасында эркин күрөш боюнча 5 комплект медаль ойнотулат.
Турнирдин жүрүшүндө беш кыргызстандык спортчу килемге чыгып, финалга чыга алган жок, бирок коло медаль үчүн күрөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөрү бар.
57 кг чейин — Алмаз Сманбеков (Азиянын вице-чемпиону 2023),
65 кг чейин — Улукбек Жолдошбеков (Азия чемпиону 2020),
70 кг чейин — Алибек Осмонов (2017-жылдагы Азия чемпионатында 5-орун),
79 кг чейин — Адилет Маратбаев (2023-жылдагы Азия чемпионатында 9-орун),
97 кг чейин — Андрей Аронов (дебют).
Кыргызстандык спортчулардын күрөшүнүн жыйынтыгы:
57 кг салмакта, 1/8 финалда ирактык Хаттаб Умер Шавкат Аль-Ани жаракат алып, Алмаз Сманбековго жеңилди. 1/4 финал финалда Алмаз Сманбеков индиялык Удит менен кез келип, эсеп 6:4 менен аяктады.
70 кг чейинки салмактагылар арасында 1/8 финалдык беттеште кыргызстандык Алибек Осмонов кытайлык Шижиан Жу менен килемге чыгып 11:3 эсебинде каршылашын жеңди.
1/4 финалда Алибек Осмонов ирандык каршылашы Амирмохаммад Бабак Язданичератиге 4:9 эсебинде жеңилди.
65 кг чейинки салмактагылар арасында 1/8 финалдык беттеште Улукбек Жолдошбеков ирандык каршылашы Рахман Муса Амузадхалиге 2:4 эсебинде жеңилди.
79 кг чейинки салмактагылар арасында1/8 финалдык беттеште Адилет Маратбаев атаандашы тажикстандык Могамет Евлоевге 5:6 эсебинде утулду.
97 кг чейинки салмактагылар арасында1/8 финалдык беттеште кыргызстандык Андрей Аронов казакстандык Ризабек Айтмуханга 6:0 эсебинде жеңилди.
күрөш боюнча Азия чемпионаты «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 16-апрелге чейин болот. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышат.