Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар финалга чыга алган жок

Кыска кабар , Спорт | 11 Апр 2024 | 456 | 0

11-апрелде Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Турнирдин биринчи күнүндө эркектер арасында эркин күрөш боюнча 5 комплект медаль ойнотулат.

Турнирдин жүрүшүндө беш кыргызстандык  спортчу килемге чыгып, финалга чыга алган жок, бирок коло медаль үчүн күрөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөрү бар.

57 кг чейин — Алмаз Сманбеков (Азиянын вице-чемпиону 2023),

65 кг чейин — Улукбек Жолдошбеков (Азия чемпиону 2020),

70 кг чейин — Алибек Осмонов (2017-жылдагы Азия чемпионатында 5-орун),

79 кг чейин — Адилет Маратбаев (2023-жылдагы Азия чемпионатында 9-орун),

97 кг чейин — Андрей Аронов (дебют).

Кыргызстандык спортчулардын күрөшүнүн жыйынтыгы:

57 кг салмакта, 1/8 финалда ирактык Хаттаб Умер Шавкат Аль-Ани жаракат алып, Алмаз Сманбековго жеңилди. 1/4 финал финалда Алмаз Сманбеков индиялык Удит менен кез келип, эсеп 6:4 менен аяктады.

70 кг чейинки салмактагылар арасында 1/8 финалдык беттеште кыргызстандык Алибек Осмонов кытайлык Шижиан Жу менен килемге чыгып 11:3 эсебинде каршылашын жеңди.

1/4 финалда Алибек Осмонов ирандык каршылашы Амирмохаммад Бабак Язданичератиге 4:9 эсебинде жеңилди.

65 кг чейинки салмактагылар арасында 1/8 финалдык беттеште Улукбек Жолдошбеков ирандык каршылашы Рахман Муса Амузадхалиге 2:4 эсебинде жеңилди.

79 кг чейинки салмактагылар арасында1/8 финалдык беттеште Адилет Маратбаев атаандашы тажикстандык Могамет Евлоевге 5:6 эсебинде утулду.

97 кг чейинки салмактагылар арасында1/8 финалдык беттеште кыргызстандык Андрей Аронов казакстандык Ризабек Айтмуханга 6:0 эсебинде жеңилди.

күрөш боюнча Азия чемпионаты «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 16-апрелге чейин болот. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM