Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен Кытайдын Тайбэй командасынын оюну башталды.
21-мартта эки улуттук курама команда Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда беттешип, анда кыргызстандык оюнчулар 0:2 эсеби менен жеңген.
Оюндар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия аймагы боюнча тандоо раундунун алкагында өтүүдө.