Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 11-марттан 17-мартка чейинки жол эрежелерин бузуу фактыларын жарыялады.
Андан белгилүү болгондой, бир жумада 22 миң 563 эреже бузуу катталган. Анын ичинен:
- 224 айдоочунун тиешелүү документтери жок болуп чыккан;
- 83 айдоочунун канынан алкоголь табылган;
- 61 айдоочу унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан;
- 873 жөө адам жолдо жүрүү эрежесин бузган;
- 3234 айдоочу унаасын туура эмес жайга токтоткон;
- 5 айдоочу ээнбаштык жасаган;
- 4460 айдоочу унаасын белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган;
- 1 айдоочу жасалма номур менен жүргөн;
- 13 миң 622 башка да эреже бузуулар болгон.
Булардын ичинен 992 унаа айып короосуна токтотулган.