Эртең, 19-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкектеги айрым үйлөрдө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек суу-канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Өчүрүү «Аэропорт» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүрүп жатканына байланыштуу экени айтылган маалыматта.
Мындан улам Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №93/1, №93/2, №93/3, №93/4, №93/5, №93/6 үйлөрдө, Алияскар Токтоналиев көчөсүндөгү №39/3, №157, №153, №153/3, №155 үйлөрдө, Төлөмүш Океев көчөсүндөгү №39/3, №39/4, №39/6, №39/7, №39/8 үйлөрдө суу убактылуу токтотулат.
«Бишкек суу-канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жарала турган ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, тургундардан сууну эртерээк камдап алууну өтүнөт.