Маркум орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная президенттик шайлоо күнү талапкер Владимир Путинге каршы чыгууга чакырды. Ал билдирүүсүн маркум жубайынын Ютуб-каналы аркылуу жарыялады.
Ал өз сөзүндө шайлоочуларды 17-мартта түштөн кийин шайлоо тилкелерине узун кезекке турууга чакырып, бюллетендерин айрып салууну же «Навальный» деп жазууну сунуштады.
Алексей Навальный 16-февралда колонияда көз жумган. Юлия Навальная жубайынын өлүмүнө Орусиянын президенти Владимир Путинди күнөөлөп келет.
Орусияда президенттик шайлоо 15-марттан 17-мартка чейин өтөт. Учурдагы мамлекет башчысы Владимир Путин бешинчи мөөнөткө талапкерлигин койгон.
Эл аралык байкоочулардын көпчүлүгү бул президенттик шайлоонун эркин, калыс өтпөсүн айтышууда.