Депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттин 1-февралдагы жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин ишин мактады.
Сессияда жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп жатат.
«Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп бекитилип жатканда бир кесиптешим «сиз татыктуунун татыктуусусуз» деп айтты эле, ишене берген эмесмин. Азыр өлкөдөгү эң чоң министрликти башкарып жатасыз, мен бүгүн ишендим, сиз министр болуп келгенде алма-өрүк гүлдөп кетти. Сиз татыктуунун татыктуусу экенсиз», — деди Түмөнбаев.
Бакыт Төрөбаев 2023-жылы декабрда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындалган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын да аркалайт.