Биз менен байланышыңыз

Ошто балкондон секирүүгө аракет жасаган кызды куткарып калышты (видео)

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 415 | 0

Ош шаарынын милиция кызматкерлери балкондон секирүүгө аракет жасаган кызды куткарышты. Окуя 27-январда болгонун Ички иштер министрлиги бүгүн билдирди.

Кыздын балкондон секирип кетүүгө аракет кылып жатканын өтүп бараткандар көрүп, ички иштер бөлүмүнө кабар беришкен.

Милиция кызматкерлери жерине ыкчам жетишип, куткаруучулар, тез жардам кызматкерлери менен биргеликте кыздын секирип кетишине мүмкүндүк беришпей, өлүмдөн алып калышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM