Биз менен байланышыңыз

УКМКнын «Алтын балалык» балдар бакчасы ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 232 | 0

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарындагы №7 «Алтын балалык» балдар бакчасынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты эки кабаттан туруп, 220 орунга ылайыкташкан. Бакча 2,5 жаштан жогорку курактагы балдарды кабыл алат.

Бишкек шаарынын Абдылас Малдыбаев көчөсү, 261/1 дарегинде жайгашкан бул мекеменин баштапкы курулуш долбоорунда 140 орундуу болору көрсөтүлгөн.

Мекеменин курулушу Президенттин фондунан каржыланган. Бирок канча каражат кеткени маалыматта айтылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM