Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бельгияга жасаган сапарында Global Gateway инвесторлор форумуна катышты.
Форумда Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар талкууланды.
Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорт тармагындагы кызматташуусу жигердүү жүрүп жатканын айтты.
Бакыт Төрөбаев Европа менен Азияны байланыштырган Кыргыз Республикасынын транспорттук коридорлорунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоордун келечегине токтолду.
Жыйынтыгында Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорун каржылоо үчүн 150 млн евро бөлө турган болду. Бул жаатта атайын меморандумга кол коюлду.